super.kg logo
  Саясат  

"Форум" имаратынын алдына экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган митингдин катышуучулары чогулушту (видео, хронология)

 

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарындагы "Форум" имаратынын астында митинг өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев эл алдына чыгып сөз сүйлөп, чогулгандар тынчтык жүрүшү менен "Ала-Тоо" аянтына барууга үндөдү.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-10-09 16:30

Жүрүшкө чыкандардын алды "Айчүрөк" соода борборунун алдына келишти. 

2020-10-09 16:28

Жүрүштө бара жаткандар "Сооронбай кетсин, Раим камалсын!" деп кыйкырып бара жатышат. 

2020-10-09 16:25

Жүрүшкө катышкандардын саны барган сайын көбөйүүдө.

2020-10-09 16:15

Учурда "Ала-Тоо" аянтына бара жаткан адамдардын саны болжол менен 10 миңден ашуун.

2020-10-09 16:08

"Ала-Тоо" аянтын көздөй жүрүшкө аттангандардын алды Чыгыш-5 кичи районуна жетти.

2020-10-09 16:01

"Форумдан" "Ала-Тоо" аянтына жүрүшкө чыккандардын алды Чүй кең көчөсүнө жетти.

2020-10-09 15:57

"Форумдагы" митингдин айрым катышуучулары унаалары менен "Ала-Тоо" аянтын көздөй сапар алды.

2020-10-09 15:50

"Форумга" чогулган митингдин катышуучулары Курманжан Датка көчөсү менен түндүктү көздөй түшүп бара жатышат.

2020-10-09 15:43

"Форумда" чогулгандар "Ала-Тоо" аянтын көздөй жөө жүрүшкө аттанышты.

2020-10-09 15:40

Алмазбек Атамбаев чогулган жарандарды провокацияга алдырбай, тынч жүрүш уюштурууну суранды.

2020-10-09 15:37

Алмазбек Атамбаев чогулгандар менен чогуу "Ала-Тоо" аянтына бара тургандыгын айтты. 

2020-10-09 15:18

Алмазбек Атамбаев: "Урматтуу кыргызстандыктар! Баарыңарга таазим этем. Мага эч кандай бийликтин кереги жок. Азыр Сооронбайга чуркап жүргөндөр Сооронбай өзүлөрүн жок кыларын билбей жатышат. Күчкө салып бийликти алгандардын арты жаман бүтөт. Ыңкылабды эл жасабайт, бийлик жасайт.  Жээнбеков президент эмес - бул саткын. Досун саткан элин сатат. Кудай Шаримандай достордон сиздерди сактасын".

2020-10-09 15:12

Рыскелди Момбеков: "Беш күндөн бери өлкөдө баш аламандык болуп жатат. Буга эл, өзүбүз күнөөлүүбүз. Кечээги ыңкылап ашканадагы баланы прокурор кылуу эмес, түрмөдөгү адамды премьер кылуу үчүн болгон жок. Биз шайлоонун жыйынтыгын, Шариповдун бийлигин жокко чыгарыш үчүн ыңкылап жасадык. Чыга калып эле премьер болгондон уялгыла".

2020-10-09 15:08

Эл алдына Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана мурдагы саясатчы Өмүрбек Бабанов чыкты.

2020-10-09 15:05

Канат Сагынбаев: "Урматтуу калайык калк! Кечээ биздин жаштарыбыз, бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы туруп, жеңишке жетишти. Бүгүнкү күндө алардын калдыктары калып, бийликти басып алууну баштады. Биз азыр бийлик талашпашыбыз керек. Азыр өлкөдө бир гана мыйзамдуу орган бар - бул Жогорку Кеңеш. Биз алардын иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек".

2020-10-09 14:55

Учурда депутат Ирина Карамушкина сөз сүйлөп жатат. Өз сөзүндө ал эл тарабынан куулган президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска деп чет жактан келген каражат боюнча отчёт бериши керектигин айтты. 

2020-10-09 14:53

Чогулгандар "Социал Демократтар" партиясынын өкүлү Темирлан Султанбековду колдоп, "Азамат" деп кыйкырып жатышат.

2020-10-09 14:47

"Форум" имаратынын астына "Республика" партиясынын тарапташтары келишти.

2020-10-09 14:45

"Саламатсыздарбы? Эки күн мурун кыргыз эли бир муштум болуп биригип, Жээнбеков-Матраимов кланын жок кылды. Митингде 19 жаштагы Үмүтбек каза болду. Жээнбеков каза болгон баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтпай, Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап жүрөт. Бирок анын куттуктоосу Кремлдин сайтына жарыяланган жок", - деди Темирлан Султанбеков.

2020-10-09 14:42

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева митингге келгендерди 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында каза болгон Үмүтбекти эскерүүнү суранды. Митингге келгендер аны колдошту.

2020-10-09 14:36

Эл алдына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чыгып сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

2020-10-09 14:25

Чогулгандар Жээнбеков-Матраимов кланынын кадрлары кетсин деген палакаттарды кармап турушат.

2020-10-09 14:19

Чогулгандар имараттын эшигин бири-бирин колтуктап тосуп жатышат.

2020-10-09 14:15

Барган сайын митингге келгендердин саны көбөйүүдө.

2020-10-09 14:10

Учурда имараттын алдында 500дөн ашык адам чогулду. Чогулгандардын арасында Асел Кодуранова, Равшан Жээнбековдор бар.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(19)
09.10.2020. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бабановду ким колдоп атат озу
09.10.2020. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атамбаев дагы эмнени балп дегизет экен
09.10.2020. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жанды кашайттынарго кок мээлер Элдин силерди коройун деген козу жок. Кан соргучтар
09.10.2020. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элге сооп болот сооп. Мындан хуже болот эми.
09.10.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчага алдангандар Бабанчикти колдоп жатышат
09.10.2020. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элдер өзүбүз ушул жеп жутарларга шерикбиз. Неге жамандайбыз да кайра ошолорду эрчип аларга кошомат кылып жүрүшөт дейм да акча далилсиз сөздөрдү айтып койсо эле эрчий бересиңерби иттей болуп
09.10.2020. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саткындар эле Барбаса элди ойлобогон
09.10.2020. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
АША келип дагы тантырап бир нерсе баштайт го чокуңу жегир.
09.10.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир соз менен айтканда Акмактар...
09.10.2020. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой акмактар элден айлагыла силердин бир дагы салымынар жок
09.10.2020. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келесоолор анык ашаны колдоп баргандар,саткындар.
09.10.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой акмак
09.10.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул күнгө келишибизге АША күнөөлү
09.10.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атамбаевден дагы мен Кундуздун өзүн эмес, үнүн уккум келбейт!
09.10.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ошончо чогулгандардын ар бирин 2000 сомдон сатып алып барышты,арам акчаны алсанар да аларды колдоп башаламандык жаратпагыла колдон келсе оздоруно каршы тургула. Силер кул эмессинер да туурабы 2000 сомдон сатып алып барып айтканын кылдыргандай
09.10.2020. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бок курсактар.Журо бергиле тилин саландаткан иттей болуп Ашаны ээрчип.Бирин олуп бирин кал.Чала ушу элдерге да,жаштарга да тополонду баштаган.
JaneEr түзөттү 2020-10-09 15:46:09
09.10.2020. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мал болуп калышканго дейм бул чогулгандар.
09.10.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атып салгылачы эл душмандарын
Бизге Садыр Жапаров гана керек
09.10.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тооба, жалан бети менен бир жери бирдей кишилер чогулушуптур, ошондуктан да бири бирин алыстан тааныйтко булар... Алла берсин жазанарды!!! Алла тен келбесе, пендосы силерге тен келе албайт!!! Кудайдын каарынан корксонор боло!!! Кандай оозу мурду кыйшайбай, бети кызарбай жалганды ышкыртып суйлой беришет!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: