super.kg logo
  Саясат  

"Кылмыштуу топторсуз мамлекет": "Акыркы Үмүт" тынчтык маршы өттү (видео, хронология)

 

Бүгүн, 9-октябрда “Кылмыштуу топторсуз мамлекет”: “Акыркы Үмүт” тынчтык маршы өттү. Жаштар "Баштасаң коркпо!" деген ураан менен жүрүшкө чыгышты.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-10-09 15:52

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова дагы жаштардын тынчтык маршына кошулду. "Жаштар социалдык тармактарда жигердүүлүгүн көрсөтүштү. БШКнын ичинде болуп жаткан мыйзам бузуулар боюнча айтканда, менин оозумду жабууга аракет кылганына карабастан мага колдоо көрсөтүштү. Ушул аракетибиз менен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардык, бул биздин ийгилик.

Жаштар, ата-энеңерге айткыла, добуш сатпоого чакыргыла, шайлоонун бурмаланышына салым кошпойлу. Жаштар, шайлоого аттангыла, Жогорку Кеңешке келгиле, духту жоготпогула!", - деди ал.

2020-10-09 15:04

Жаштардын акциясына айрым депутаттар дагы кошулду. Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко дагы келип сөз сүйлөп, кылмыштуу топторго каршылыктарын билдиришти.

Эльвира Сурабалдиева: "Абал оорлошуп кетти. Буга бир катар окуялар себепкер болду. 5-октябрда борбордук аянтка шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген талап менен 13 партиянын өкүлдөрү бириккенбиз. Саат 20:00гө чейин убакыт бергенбиз. Ошондо биздин тарапташтарга саат 20:00гө 10 мүнөт калганда чалып, 2 лидерди Ак Үйгө жөнөткүлө, сүйлөшөбүз дешти. Лидерлер Ак Үй тарапка бара жатканда үн берүүчү граната, көздөн жаш агызуучу заттарды ыргытышты. Трибунада тургандарга дагы ыргытты. Бул жерде бизди алдап, атайын күттүрүп, эл ачууланып Ак Үй жакка кеткенде чачыратабыз дешти.

Бүгүнкү күндөгү кырдаалга жооптуу бул бийликтеги адамдар. 4 күн күттүрүп, ызы-чуудан кийин премьер-министрдин отставкасын кабыл алды. 4 күн эмнени күттүңүз Сооронбай Шарипович?! Бир бала каза болуп калды, эмнени күттүңөр!? 2 күндөн бери криминалдар депутаттарга Садыр Жапаровду премьер-министр кылганга кол коюп бергиле деп жатат.

Биздин бир эле талабыбыз бар болчу. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу".

2020-10-09 14:47

Журналист Али Токтакунов дагы бүгүнкү жаштардын жүрүшүнө катышты. Ал кечээ чет өлкөдөн келгени айтылды. 

Али Токтакунов чала каракчылардын бийликке келүүсүнө каршы экенин айтты. "Тилек Токтогазиев, Өмүрбек Бабанов, Садыр Жапаров элдин уулдары. Мага тигини колдо, муну колдо дейт. Мен бирин дагы колдобойм, мен элди колдойм. Коррупцияга ким каршы күрөшсө ошону колдойм", - дейт ал.

2020-10-09 14:42

Ал эми Нурсултан Кубанов укуктук талаага келүү үчүн Өмүрбек Бабанов, Садыр Жапаровдун тарапташтары менен биригиш керек дейт. Болбосо ызы-чуу улана берерин айтты. Ал Тилек Токтогазиевдин премьер-министр болом дегенине карата өзүнүн позициясын билдирди.

"Биринчи вице-премьерликти Тилек Токтогазиевге берип койсо, ал бара жатат. Революция эмне үчүн болду? Муун алмашсын деп болду да. Бизге, жаштарга кызмат берсе алданып жатабыз. Тилек, сен алданып жатасың", - деди ал.

2020-10-09 14:35

Учурда жаштарга жарым саат убакыт берилип, алар өздөрүнүн пикирлерин айтышууда. Сөз сүйлөгөн Тилек Токтогазиев чогулгандардын идеясы бир экенин айтты. Ал буга чейин дагы Матраимовдордун кланына каршы чыкканын билдирди.

Токтогазиев кылмыштуу топтор чогулуп жатканын, аларга каршы күрөшүү үчүн биригүү керектигин айтты.

 

 


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
09.10.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеткилечи ээ биз Садыр Жапаровту колдойбуз
09.10.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч жашайлы!!!эмне болуп атасынар???Баарынарга ишенич жок!!!!!Кыргыз элим кыйналдынго,кресло талашкан манкурттар,элди ойлогула!!!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: