Сүйүн Өмүрзаков түштүк региондордо коомдук тартип сактоо иш-чараларын жүргүзүүдө
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков түштүк региондордо коомдук тартипти сактоо багытында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
"Учурдагы кырдаалды жөнгө салуу максатында министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында коомдук тартипти сактоону жергиликтүү милиция органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды координациялоодо.
Жергиликтүү милиция башкармалыктарынын башчылары жана өздүк курамы толугу менен кызматта болушуп, коомдук тартипти сактоодо элдик кошуундар менен биргеликте ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында эл арасында тиешелүү иштерди алып барышууда.
Министрдин дагы бир орун басары Памир Асанов 26-сентябрдан бери коронавирус менен ооруп ооруканада дарыланууда", - деп жазылат маалыматта.



1 |