super.kg logo

Казакстандын ТИМи Кыргыз өлкөсүн казак инвесторлорунун ишканаларын коргоого чакырды

 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүн Казак жарандарынын жана ишканаларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Анда казак инвесторлоруна тиешелүү бир нече ишканаларга кол салуу жана басып алуу аракети болгону белгиленген.

"Казакстан ТИМинин билдирүүсү Кыргыз өлкөсүндө саясий кризис өкүм сүрүп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы бир катар алтын кен комбинаттарында иш токтогону жөнүндөгү маалыматтардан кийин чыкты.

Бейшембиде казак маалымат агенттиктери казакстандык "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясы иштетип жаткан алтын кени ишин токтотуп, кызматкерлер коопсуз жайга көчүрүлгөнүн жазышкан.

Казакстандын тышкы саясий мекемеси соңку жылдары казак компаниялары Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына миллиард доллардан ашык инвестиция салганын белгилеген. "KAZ Minerals Bozymchak" Казакстанда жез өндүргөн "KAZ Minerals PLC" компаниялар тобуна кирет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: