super.kg logo

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева видеоконференция аркылуу жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева видеоконференция байланыш аркылуу жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева видеоконференция аркылуу жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жумушчу кеңешме өткөргөнү маалымдалат.

"Катышуучулар өлкөдө болуп жаткан кырдаалды, ишти кароодогу тоскоолдуктарды талкуулашты.

Кеңешмеде негизги маселе катары органдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылыш үчүн соттордун, судьялар менен аппарат кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу каралды.

Гүлбара Калиева айрым соттордун төрагалары коопсуздукту камсыз кылыш үчүн кошумча күчтөрдү тартышкандыгын билдирди. Зарыл болгон учурда элдик кошундарды жана күч структураларын тартууну сунуштады. Соттордо нөөмөттөрдү уюштуруу айтылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: