Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий Германиянын клубдук чемпиондугунда 2 беттеште жеңди
Дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецкий Hamburger JT клубунун катарында Германиянын клубдук чемпиондугунда эки беттеште жеңди. 21-сентябрь күнү курамында кыргызстандык дзюдочулар бар Hamburger JT менен TSV Großhadern деген дзюдо клубдары беттешкен. Анда Юрий Краковецкий (100 килограммдан өйдө салмакта) эки беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңишке жетти. Ал эми Чыңгыз Мамедов (90 килограмм) аталган клуб үчүн биринчи беттешинде жеңилип калды. Беттеш 52:43 эсебинде Hamburger JT клубунун пайдасына чечилген. Эми аталган клубдар 28-сентябрь күнү жооптук беттеш өткөрүп, жыйынтыгында жеңүүчү Германиянын клубдук чемпиондугунда жарым финалга жолдомо алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.