super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоодо партиясы жеңишке жеткени үчүн Германия канцлери Ангела Меркелди куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев Германиядагы парламенттик шайлоодо  Христиан демократиялык бирикмесинин жеңиши менен өлкө канцлери Ангела Меркелге куттуктоо катын жиберди. Өлкө башчы Ангела Меркелдин иш-аракеттери Германиянын гана эмес, бүткүл Евробиримдиктин өнүгүүсүнө багытталарына үмүттөнөрүн айтты. Алмазбек Атамбаев Кыргызстан мындан ары да Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташууга даяр экендигин айтып, канцлерге ден соолук жана ийгилик, Германия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.  

 

Айта кетсек, Германияда 22-сентябрь күнү парламенттик шайлоо болуп өттү. Анда Германиянын федеративдүү парламентинин Бундестагына 598 депутат шайланды. Ангела Меркель жетектеген ХДБ партиясы шайлоочулардын 41,5 пайыз добушун алуу менен биринчи орунду ээледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: