super.kg logo
  Саясат  

ИИМ: "Атамбаевдин уулдары массалык баш аламандык фактылары боюнча күбө катары кармалышты"

 

Учурда 9-октябрда орун алган Бишкек шаарындагы окуялар боюнча Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде иш козголуп, ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматтары тарабынан 1998-жылы туулган Темирлан Султанбеков, 1976-жылы туулган Сеид Атамбаев, 1981-жылы туулган А.Арматов жана 1993-жылы туулган Кадыр Атамбаев күбө катарында кармалып ИИМдин Тергөө кызматына алып келинген.

Кадыр Атамбаев менен Сеид Атамбаев тиешелүү көрсөтмөлөрүн күбө катарында бергенден кийин үйлөрүнө коё берилди. Ал эми Темирлан Султанбеков менен А.Арматов ИИМдин Тергөө кызматында күбө катарында көрсөтмөлөрүн берүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: