"Кумтөрдүн" 5 миллиард доллар кирешесинин 2,153 миллиард доллары Кыргызстанда калды" - дейт Кылычбек Шакиров
"Кумтөрдүн" 5 миллиард долларлык кирешесинин 2,153 миллиард доллары Кыргызстанда калды",- деди "Кыргызалтын" ишканасынын
вице-президенти Кылычбек Шакиров. Анын 753 миллион доллары салык түрүндө казынага түшсө, айлык маянага 378,65 миллион доллар жумшалган. Азык-түлүк сатып алууга
46,47 миллион доллар, инфраструктурага 76,94 миллион доллар, "Кыргызалтындын" таза
алтынды бөлүп алуу иштерине 47,6 миллион доллар бөлүнүптүр. "Центерранын" акцияларынын кирешеси - 139
миллион доллардан жогору болгонун айтат Шакиров.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

