super.kg logo
  Саясат  

ИИМ: "Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды"

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык башаламандыкты уюштуруу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында бүгүн, 11-октябрда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алар учурда Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгында көрсөтмө берип жатышат.

Белгилей кетсек, 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланган. Анда абактардан бир нече камалып турган жарандар бошотулган. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 264-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарындагы массалык башаламандыктарга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жан жансакчылары Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, “КСДП” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов кармалып, камакка алынган.

Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилгени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 20 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: