super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 26 миллионго жакындады

 

Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 11-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 37 миллион 396 миң 254 болду. Анын ичинен 25 миллион 996 миң 264 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 75 миң 779 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 762 миң 476 адамдан коронавирус аныкталды. 214 миң 764 адам каза болсо, 3 миллион 75 миң 77 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 53 миң 806 адамдан аныкталды.108 миң 334 адам каза болсо, 6 миллион 77 миң 976 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 94 миң 979 адам вируска кабылган. 150 миң 488 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: