super.kg logo

Кара-Кече көмүр кенинен күнүнө 150-170 көмүр ташыган унаалар чыгып жатат

 

Кара-Кече көмүр кенинде 3 миң 500 тонна көмүр өндүрүлүп чыгып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр ташылуучу убактылуу айланма жолдо кооптуу участкалар бар экени эскертилет.

""Кыргызкөмүр" ишканасынын кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатат. Учурда Кара-Кечеде абал туруктуу. Бүгүнкү күндө калкты көмүр кени менен камсыз кылуу толук кандуу ишке ашырылып жатат. Ага ылайык, Кара-Кеченин аймагынан күнүнө 150-170 көмүр ташыган унаа чыгып жатат. Ал эми убактылуу айланма жолдогу кооптуу делген участкалар тууралуу маалымат транспорт жана жол министрлигине берилди", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 4-сентябрь күнү Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 2 миллион метр куб жер көчкөн. Ал жерден көмүр ташуучу унаалар үчүн убактылуу айланма жол салынган. Жолдун узундугу 3 километр 2 метр болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: