Бишкектеги соода борборлору иштей баштады (График)
Бишкектеги соода борборлору жаңы график боюнча ишин улантып баштады. Бул тууралуу соода борборлорунун администрацияларынан билдиришти.
Шаардагы ири соода борборлорунун иштөө убактысы:
- ЦУМ "Айчүрөк" иш күндөрү саат 10.00дөн 19.00гө чейин иштейт;
- Дордой Плаза - саат 10.00дөн 19.30га чейин;
- Asia Mall - саат 10.00дөн 20.00гө чейин;
- Вефа борбору - 10.00дөн 18.00гө чейин;
- Бишкек паркы - саат 10.00дөн 19.30га чейин;
- ГУМ "Чынар" - 10.00дөн 19.30га чейин;
- Кербен - 10.00дөн 19.00гө чейин.
6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланган. Анда абактардан бир нече камалып турган жарандар бошотулган. Ошол эле күнү соода борборлорундагы ишкерлер жана бутик ээлери өз товарларын кооопсуз жерлерге чыгарып кетишкен. Алар муну мародерлор соода жайларын талап-тоной башташат деп коркушканы менен түшүндүрүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.