super.kg logo

Кара-Көлдө май ташыган унаадан жансыз дене табылды. Кылмышка шектелип аял киши кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү саат 19:20 чамасында Кара-Көл ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Токтогул ГЭСиндеги көпүрөгө жетпей, бензин ташыган унаанын ичинде бир адамдын жансыз денеси жаткандыгын билдирген. Аталган маалыматтын негизинде, Кара-Көл ШИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Анда күйүүчү май ташыган унаанын ичинде Чүй облусунун 35 жаштагы айдоочусу Н.Б.нын жансыз денеси экенин аныкташкан.

"Окуя болгон жерден жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, бычак сымал курч зат менен сайылгандыгы аныкталып, далил буюмдар чогултулган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кызматкерлердин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну М.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.10.2020. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойку келинго дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: