super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков башкы прокурордун биринчи орун басары менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басарын кабыл алды

 
Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановду жана УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиевди кабыл алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиевди кабыл алды.
Өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чаралар талкууланды.
Нурлан Дарданов Бишкек шаарынын аймагында орун алган массалык тартипсиздик боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал прокуратура органдары тарабынан бул багытта толук кандуу иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.
Мындан тышкары башкы прокурордун биринчи орун басары кечээ, 11-октябрда Жогорку Кеңештин административдик имаратына кароо жүргүзүлгөнүн жана ал бийлик түзүмдөрүнүн карамагына өткөрүлүп берилгенин билдирди.
УКМК биринчи орун басары Талантбек Салиев улуттук коопсуздук органдары тарабынан түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылган деструктивдүү топтордун ишине бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүнү алдын алуу боюнча башка укук коргоо органдары менен кызматташуу уланып жатканын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
12.10.2020. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы жерде кабыл алды ак уйдобу кок уйдобу
13.10.2020. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muku.85,Менинда оюма биринчи ушу келди. Кызыкта каерде иштеп жатты экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: