super.kg logo
  Саясат  

БШК Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүүдөн баш тартты

 

"Ата Мекен" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып ала алган жок. Бул тууралуу чечим бүгүн, 12-октябрда БШКда анын арызы каралып жаткан учурда белгилүү болду.

Анда БШК депутаттыкка бош орун жок болгондуктан мандатты кайтарып бербөө чечимин кабыл алды.

Арыз ээси анын кылмыш иши боюнча соттордун бардык чечимдерин Жогорку Сот жокко чыгаргандыгын белгилеп, материалдар жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кароого жөнөтүлгөндүгүн билдирди. Башкача айтканда, Өмүрбек Текебаев азыр соттолгон деген статуска ээ эмес. Ал соттун чечими чыкканга чейин депутат боло алат.

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү бош мандат түзүлгөнгө чейин ачык бойдон калат.

"Ата Мекен" саясий партиясынын лидери мандатынан 2017-жылы ажыраган. Анын ордуна Жогорку Кеңешке Искендер Гайпкулов депутат болуп келген.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Бардык инстанциялардын соттору аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүп, 29-августта алар үй камагына бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: