Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү






Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана экономикалык реформалардын алдында турганын белгиледи.
"Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл. Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш", - деди ал.
Жыйындын соңунда өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Алар:
- күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;
- коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;
- бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;
- донордук уюмдар менен жолугушууларды өткөрүү;
- социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;
- салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;
- коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.









1 |