ЖАМК: "Соттолуучу Сапар Исаков, Албек Ибраимовго берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт"
ЖАМК 6-октябрда түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра мурда жазасын өтөгөн мекемелерге кайтып келүүгө уруксат берилген адамдарга кайрылды.
Маалыматка ылайык, талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшөт.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтышкан.
Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине келе элек соттолуучу Сапар Исаков, Албек Ибраимовго берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт.



1 |