Ош шаарындагы ишканаларда 60 жаштан жогорку курактагылар онлайн режимде иштешет
Ош шаарындагы ишканаларда 60 жаштан жогорку курактагылар онлайн режимде иштешет. Бул тууралуу Жарандык коргонуу штабынын жыйынында айтылганын Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардагы мекеме-ишканаларда иштеген 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер онлайн режимде иштөөсү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин, рейддерди күчөтүү, той-мааракелерди өткөрүп жаткан кафе-ресторандарды жабуу тапшырмалары берилди.
"Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектепте ачылган стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда. Абалга жараша стационарлар, дары-дармектер даяр болуусу айтылды. Шаардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө максатында Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, милиция жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнүн курамында шаар боюнча 7 жумушчу топ түзүлгөн", - деп жазылат мэриянын маалыматында.



1 |