Банк жана төлөм системи өзгөчө абалдын талаптарына туура келген режимде иштеп жатат
Банк жана төлөм системи өзгөчө абалдын талаптарына туура келген режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары экономиканын тармактарын, ишкерлерди жана калкты негизги банктык кызмат көрсөтүүлөр менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз кылуу жагында өз ишин жүргүзүүнү улантууда.
"Төлөм системи, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм системи штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми финансы уюмдары нак эмес төлөмдөрдү, улуттук төлөм системдери жана эсеп ачуусуз жеке адамдардын акча которуу системдери боюнча акча которуу жана төлөө операцияларын ишке ашырууда.
Эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды чегерүү мезгили аралыгында калкты нак акча менен өз убагында камсыз кылуу максатында Улуттук банк жана анын региондордогу облустук башкармалыктары өлкөнүн бардык региондорунда өз ишин жүргүзгөн филиалдарын жана сактык кассаларын кошуу менен коммерциялык банктар аркылуу калкты, экономиканын тармактарын нак акча менен толук көлөмдө камсыз кылуу иштерин жүргүзүп жатат.
Нак акчанын, ошондой эле нак эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүү болушу өлкөнүн бардык региондорунда финансы уюмдары тарабынан орнотулган банктык жабдуулар аркылуу камсыз кылынууда", - деп айтылат маалыматта.
2020-жылдын 1-сентябрына карата өлкө аймагында 1 813 банкомат, 11 миң 633 POS-терминал (анын ичинен 9 миң 447 POS-терминал соода-тейлөө түйүндөрүндө жана 2 мин 186 POS-терминал – коммерциялык банктардын филиалдары менен сактык кассаларында) жана 2 миң 18 төлөм терминалы орнотулган.
Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер жаралган учурда түздөн түз финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт, аларга иштөө убактысын саат 09:00дөн тартып 15:00гө чейин аныктоо сунушталган.
Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтар алардын интернет-сайттарында жайгаштырылган.
