super.kg logo

Журналист Тахир Гафуров митингде жаракат алган актёр Нурбек Болотовдон кабар алганын жазды

 

Журналист Тахир Гафуров бүгүн Адилет Чекилов менен бирге актёр Нурбек Болотовго барып, абалын сурап келгенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн Адилет Чекилов менен бирге Нурбек Болотовго барып, абалын сурап келдик. Нурбек аянтка чыгып, митингчилер менен коопсуздук күчтөрдүн кагылышуусунан көптөгөн жаракаттарды алып, буту сынган. Ошондой эле ок атуучу куралдан 11 жаракат алган.

Нурбек Болотов Кыргыз Республикасынын таэквондо (WT) боюнча көп жолку чемпиону. УКМКнын "Альфа" бөлүгүнүн ардагери катары Ош окуясындагы чыр-чатактарды жоюу максатында катышкан. Көп жыл мурун Нарында автобус дарыяга түшүп кеткенде, Нурбек муздак суудан 24 адамды алып чыккан. Алардын ичинен эң кичинекейи 3 жаштагы кыз болчу. Бул эрдиги үчүн президент Нурбекти "Эрдик" медалы менен сыйлаган, бирок ал мындан баш тарткан.

Нурбектин эсебинде көптөгөн тасмалар, клиптер жана ырлар бар. Ал "Көчмөн" каскадёрлорунун мүчөсү катары Голливудду кошкондо 50дөн ашык тасмага тартылган. Алар "Көчмөн", "Монгол", "Рекетир" жана башка. 2011-жылы Нурбек Болотов режиссёр катары "Хоккей.КЖ" тасмасын тарткан жана Орусиянын Липецк шаарында өткөн Эл аралык спорттук тасмалардын арасында "Мыкты көркөм тасма" сыйлыгына татыган. Бул тасманы Владислав Третьяк өзү баалаган. Нурбек, ден соолукта бол!" - деп жазып калтырган Тахир Гафуров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: