super.kg logo

Дүйнөдө COVID илдетин кайрадан жуктуруп алгандардын арасында биринчи жолу өлүм катталды

 

Дүйнөдө COVID илдетин кайрадан жуктуруп алгандардын арасында биринчи жолу өлүм катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нидерландыда 89 жаштагы аял COVID-19 инфекциясын кайрадан жуктуруп алып каза болду. Жыл башында ал дене табы көтөрүлүп, катуу жөтөлүп ооруканага кайрылган. Бейтап коронавирустук анализден өтүп, жыйынтыгында илдеттин белгилери байкалган. Аял ооруканада беш күн жатып, алсырабай өзүн жакшы сезип калганда үйүнө чыгарылган.

Андан 2 ай өтпөй кайрадан дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, деми кысылып, өзүн начар сезе баштаганда ооруканага жаткырылган. Бейтап COVID-19 инфекциясына карата тест тапшырганда илдет бар болуп чыккан. 8 күндөн кийин аялдын абалы начарлап кеткен, 2 аптадан кийин, тилекке каршы, аял каза болуп калды.

Илимпоздор эки анализди салыштырып, жыйынтыгында маркум коронавирус инфекциясын кайрадан жуктуруп алгандыгы тастыкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.10.2020. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
89да басып жүрүп желе өлүшү мүмкүн каарылык да.
13.10.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо вирус менен ооругандарга вируска каршы иммунитет пайда болот дебедиби беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: