super.kg logo

Forbes журналы эң көп киреше тапкан өзбек жана тажик Tiktok колдонуучуларын атады

 

Forbes журналынын орус тилдүү версиясы боюнча Өзбекстан менен Тажикстандын тургундары Tiktok тиркемеси аркылуу эң көп киреше тапкан колдонуучу аталышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, басылма орус тилдүү 50 колдонуучусунун кирешесин талдап, алардын арасынан эң көп киреше тапкан 10 адамды аныктады. Бул тизмеге Tiktok`тон тышкары белгилүү болгон блогерлер, музыканттар жана башка белгилүү адамдар кирген эмес.
Биринчи орунду 22 жаштагы өзбекстандык Рахим Абрамов ээлеген. Алгачкы кирешесин 3 жыл мурун өз алдынча видео тарта баштаганда тапкан. Анын "Fendi" ыры трекке жазылган видеолордун саны боюнча рекорд койду, тагыраагы, ырды 3 миллион 400 миң видеого колдонушкан. Тиктокердин кирешеси 10 миллион 470 миң рублга (10 миллион 811 миң 621 сом) бааланган.
2-орунга 21 жаштагы тажикстандык Дина Саева аттуу Тикток колдонуучусу чыккан. Анын Тиктоктон тапкан кирешеси 4 миллион 93 миң (4 миллион 226 миң 548 сом) рублду түзөт.
Ал эми 3-орунга 23 жашагы беларустук Алексей Савко илинген. Анын тапкан кирешеси 4 миллион 81 миң (4 миллион 214 миң 157 сом) рублду түзөт.
Андан кийинки орундарга төмөнкүлөр кирген: 18 жаштагы Юлия Гаврилина жана Валентина Карнаухова (Валя Карнавал), Даня Милохин, 23 жаштагы Кирилл, Артём Верзаковдор, 24 жаштагы Анна Калашник, 20 жаштагы Аня Покровская жана Диана Дмитриева.
TikTok - музыка менен коштолгон кыска видеолорду жасоо, түз эфирлерди жана билдирүүлөрдү алмаштырууга мүмкүн болгон социалдык тармак. Ал 2016-жылы ишке киргизилген. Аудиториясынын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
13.10.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Деградация.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: