super.kg logo

Токтогул районунун тургунунун үйүнөн 541 килограммдан ашык баңгизат алынды

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургунунун үйүндө жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Атайын операциянын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизат алынды. ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири көлөмдөгү баңгизаттарды алуу боюнча операцияны ийгиликтүү жүргүздү. Баңгизаттарды саткан адамдарды аныктоо жана кармоого, баңгизаттарды даярдагандардын, ташуучулардын жана сатып алуучулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынган.

Буга чейин кызматкерлерге Токтогул районунун жашоочусу өзүнүн үйүндө өсүмдүк түрүндөгү баңгизатын даярдап жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты сотко чейинки өндүрүш ишине алынып, тергөө амалдары жүргүзүлө башталган.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чаралардын натыйжасында Токтогул районунун 1982-жылы туулган Ү.М. аттуу тургуну үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда, анын сарайынын ичинен 15 даана канистр, 5 даана бочка, 4 даана ак түстөгү капка салынган күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар зат табылып алынган. Андан сырткары, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, 12 даана 7.62 калибриндеги октор, гильзалар табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы көрсөтүлгөн заттардын жалпы салмагы 541 килограмм 609 граммды түзгөн, анын ичинен суюктук баңги заты 489 килограмм 760 грамм, марихуана 51 килограмм 849 грамм. Азыркы учурда шектүү Ү. М. соттун чечимине ылайык 2 айга камака алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: