super.kg logo

Ысык-Көлдө "ишкерлерден пара талап кылып жатат" деген билдирүүлөр боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды

 

Ысык-Көлдө "пансионаттардын ээлеринен өз каалоолору менен акча чогултуу талап кылынууда" деген билдирүүлөр социалдык тармактарга тарап жатат. Интернет колдонуучулардын бири Чок-Тал айылында түшүнүксүз иштер болуп жатканын, анда талап-тоноого каршы күрөшүү үчүн облуста координациялык кеңеш жана ыктыярдуу элдик кошуундар түзүлүп, пансионаттардын ээлеринен акчалай жардам көрсөтүү сунушун кат аркылуу жиберип жатканын жазып чыкты. Анын билдирүүсүнө ылайык, ишкерлер каражат бербесе талап-тоноо орун алган учурда түзүлгөн топтор жооптуу болбой турганы айтылат.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене (опузалап талап кылуу) менен катталып, Ысык-Көл РИИБи тарабынан сотко чейинки тергөө иштери башталды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Чок-Тал айылындагы пансионаттардын ээлеринен, жеке ишкерлерден пара талап кылуу боюнча арыз келип түшкөн эмес.

"Учурда Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлери менен райондук администрациянын, айылдык округдун өкүлдөрү тарабынан аймактагы мындай иштердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө облус аймагындагы абал туруктуу, милиция кызматкерлери, элдик кошуундун өкүлдөрү ири объекттерди, соода борборлорун, жеке менчик мекемелерди жана базарды кайтарууда", - дешти маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: