Үнөмдүү пайдаланыңыз. Өлкөдө электр жарыгы белгиленген лимиттен ашык колдонулууда
Өлкөдө электр жарыгын колдонуу кескин жогорулады. Бул тууралуу "Кыргыз энергетикалык эсеп борбору" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өкмөттүн 30-апрелдеги токтомуна ылайык, аймактык энергетикалык компанияларга күз-кыш мезгили үчүн электр жарыгын колдонуу лимиттери бекитилген. Бирок КЭЭБдин анализи 5-октябрдан тарта электр энергиясын колдонуу кескин жогорулап, чектен ашып кеткенин көрсөткөн.
2020-жылдын 11-октябрына карата бир сутка ичинде 34 миң 546 миллион киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылган. Ал эми 2019-жылы ушул эле убакыт аралыгында 24 миң 365 миллион киловатт-саат сарпталган.
"Чектен ашкан керектөөсүнүн көбөйүшүнүн мындай тенденциясы Токтогул суу сактагычынан суунун ашыкча пайдалуу агып чыгуусуна алып келет. Бул дарыядагы агымдын аз болуу шартында жагымсыз жагдай. Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуу чарасы республиканын бардык керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.




1 |