Ош шаарында 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду






Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бир нече жолу бузулушунан улам 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 12-октябрында Ош шаардык прокуратурасы, Ички иштер башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор менен биргеликте рейддик иш-чараларды күчөтүү учурунда "Мээрим", "Ала-Тоо", "Эне-Сай", "Хан-Ордо" жана "Ак-Кайың" ресторандарынын ишин токтотту.
"Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандардын бардыгына карантин мезгилинде үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө тыюу салынган, буга чейин бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Ош шаары боюнча 7 мобилдик топ бар. Учурда жугуштуу оорунун жайылышынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп, текшерүүлөр бардык аймактарда жүрүп жатат".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.