Баткенде акыркы 9 айда 438 айдоочу мас абалында унаа башкарган




Баткен ОИИБинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, облус аймагындагы милициянын кызматкерлери биргеликте чогуу күндүзгү жана түнкү рейддерди уюштуруп, коомдун коопсуздугун, жол коопсуздугун сактоо максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Кээ бир аймактарда ыктыярдуу элдик кошуундар да милиция кызматкерлерине жакындан көмөк көрсөтүүдө. Мобилдик топторго бөлүнүп иш алып барып жаткан облустун милиция кызматкерлери өлкөдө күч алган жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жер-жерлерде санитардык эрежелердин нормаларын сактоону, той-аштарды токтотууну талап кылууда.
Баткен облус аймагында 155 протокол толтурулуп 46500 сом айып пул салынган. Ал эми 9 ай ичинде бузуулар кодексинин негизинде 661 протокол түзүлгөн.
Алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар 3384;
Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар 207;
Мас абалында унаа башкарган айдоочулар 438;
Айнегин караңгылаткандар 130;
Убактылуу короого токтотулган унаалар 842.
