super.kg logo

Саламаттыкты сактоо уюмдарында орундуктар эки этап менен жайгаштырылат

 

2020-2021-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге, ошондой эле республикадагы эпидемиологиялык кырдаалдын оорлошуусуна, оорулуулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу COVID-19 жана пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарында орундуктар эки этап менен жайгаштырылат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"COVID-19 илдетин дарылоо бөлүмүн жана адистештирилген стационарларды түзүү үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарынын стационарларын кайрадан профилдештирүү жөнүндө" буйрукка ылайык, биринчи этапта 4 миң 794 орун, анын ичинде 590 орун интенсивдүү терапия, негизинен инфекциялык бөлүмдөрдүн жана стационарлардын орундуктары киргизилет.

Экинчи этапта терапиялык бөлүмдөрүнүн жана стационарлардын базасында COVID-19 үчүн 3 миң 369 орун каралат. Анын ичинде 634 орун интенсивдүү терапия болот", - деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө 2 миң 739 орундук жайгаштырылды, анын ичинде 282 орун интенсивдүү терапия палатасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: