super.kg logo

Жалал-Абадда менчик бала бакчалардын санитардык абалы текшерилүүдө

 

Жалал-Абад шаарында менчик бала бакчалардын санитардык, гигиеналык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаардагы менчик бала бакчалардын санитардык, гигиеналык абалы текшерилип жатат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын саламаттыгына кам көрүү, коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу багытында атайын комиссия түзүлгөн. Тийиштүү тармактардан куралган комиссия мүчөлөрү бала бакча жетекчилерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, наристелердин ден соолугуна кылдат мамиле кылууга чакырышты. Күн сайын балдарды кабыл алуудан тартып зарыл болгон эрежелер так сакталууга тийиш.

Комиссия калаадагы 15 менчик бала бакчаларды текшерип чыгат. Мындай текшерүү билим берүү мекемелеринде менчигинин түрүнө карабай жүрөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында менчик бала бакчалар шаардык штабдык чечими менен сентябрь айында ишин баштаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: