super.kg logo
  Саясат  

"Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышты". Сооронбай Жээнбеков Орусия президентинин администрация жетекчисинин орун басары менен жолукту

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз өлкөсү менен Орусия — союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат. Орусия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан.

"Жакында Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Орусия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргыз өлкөсүнө келген Орусия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту", - деп жазылган билдирүүдө.

Жолугушууга премьер-министр Садыр Жапаров дагы катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: