super.kg logo

Дубайда куб түрүндөгү заманбап мечит ачылды

 

Дубайда заманбап архитектуралык стилдеги жаңы мечит ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, куб түрүндөгү заманбап мечит 500 кишиге ылайыкталып салынган. Анын күнү-түнү иштеши күтүлүүдө. Мечиттин жалпы аянты 14,5 миң чарчы метрди түзөт. Сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен мечиттин ичи көздүн жоосун алат. Курулуш араб архитектурасынын каада-салттарын кайрадан карап чыкты.

COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча белгиленген эрежелерге ылайык, Бириккен Араб Эмирликтериндеги бардык мечиттерге адамдардын 50 пайызын гана киргизүүгө уруксат берилет. Ошондой эле намаз окугандар 2 метр аралыкты сакташы зарыл. Мечитке намаз окуу үчүн кирген ар бир жаран өздөрү килем алып келип, бет кап тагынып, үйдөн даарат алып келүүсү талап кылынат. 60 жаштан жогорку курактагы адамдар, 12 жашка чейинки балдар жана өнөкөт оорусу барлар же үйүндө COVID-19 менен ооруган адамдар барлар мечитке барбай, үйдө намаз окууга чакырылат.
Мечитке намазга келген ар бир адам "Al Hosn" тиркемесин смартфонго жүктөп алышы керек. Куранды электрондук нускасында гана окууга болот. Кире бериште жана чыкканда чогулуп, кол алышып, бири-бирин кучактоого тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.10.2020. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым ыйманыбызды бийик көтөр. Мечит кооз экен
13.10.2020. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Исламда аял кишини дискриминациялоого жол берилип жатат.
14.10.2020. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bermet01, аялдын укугу ислам келгенден баштап корголуп баштаган. Ага чейин аялдарды товар же кул катарында көрүшчү. Ал эмес Европа жана Америка өлкөлөрүндө да аялдарды адам катарында көрчү эмес. Ишенбесең тарыхты оку.
sabirdinovich түзөттү 2020-10-14 08:12:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: