super.kg logo

2020-жылдын 9 айында өлкөнүн экономикасы 6 пайызга төмөндөдү

 

2020-жылдын 9 айында өлкөнүн экономикасы 6 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, ички дүң продукция 2020-жылдын январь-сентябрь айларында алдын ала баалоо боюнча, 400 миллиард сомдон ашканы жана 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөгөнү маалымдалат.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 350 миллиард сомду түзүп, 7,1 пайызга азайды. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-сентябрында 238 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,9 пайызга төмөндөдү.

2020-жылдын январь-сентябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,9 пайызга өстү.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы боюнча Талас облусу алдыңкы орунда турат. Таласта баалар 6,3 пайызга жогорулаганы байкалды. Буга тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын (13,8 пайызга) өскөнү таасир берди.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январ-сентябрь айларында 3 миллиард 500 миллион АКШ долларынан ашты жана 2019-жылдын январ-сентябрына салыштырмалуу 22,1 пайызга төмөндөдү. Ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 3,5 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 31,6 пайызга кыскарды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: