super.kg logo

Ош шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу аяктоо алдында турат

 

Ош шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Шаар башчысы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгын белгилеп, аз өлчөмдө республикалык бюджеттен бөлүнө турган акча каражатын ыкчам чечүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

"Ооруканалардын негизги бөлүмдөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, кошумча 100 орундуу тез курулчу конструкциялардан куралган имараттын курулушу кызуу жүрүүдө. Тынымсыз көзөмөл жүрүп, сапаттуу материалдар менен курулуп жатат. Куруучулар ноябрь айынын башында бүтүп, тапшырабыз деп жатышат. Ооругандар аз болсун, бирок биз кандай гана кырдаал болбосун даяр турушубуз керек", - деди Таалайбек Сарыбашов.

Оорукана 3 бөлүмдөн турат. Жалпы 100 орундуу. Ал эми Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын эски имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: