super.kg logo

Мэрия: "Шаарды жарыктандыруу иштери улантылууда"

 

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы калаанын бардык жеринде тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн модернизациялоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, монтаждык жана оңдоо иштери калаанын бардык райондорунда өткөрүлдү.

"Биринчи Май району боюнча Манас кең көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин чыгыш тарабы, Киев көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Разаков көчөсүнө чейинки бөлүгү жарыктандырылды.

Октябрь району боюнча Анкара көчөсү Октябрь көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин жарыктандырылып, чырактар өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган электр чубалгысына кошулду.

Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин, ошондой эле Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жарык орнотулду. Жакында №6 кичи району жарыктандырылат, №17 үйдөн №37 үйгө чейин торшердик түркүктөр үчүн 12 бетондук пайдубал түптөлдү.

Ленин районунда Жайыл Баатыр көчөсү менен Жумамадүн Шералиев көчөлөрүнүн кесилишине жаңы кабель жана жарык берүүчү чырактар орнотулду. Терек, Островский, Тыналиев көчөлөрү, ошондой эле Ден Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши коопсуз болуп калды.

Свердлов районунун Жибек Жолу кең көчөсү Будённый көчөсү боюнча Салиева жана Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле Чүй кең көчөсү №113 бойлой электр чубалгылары оңдолду", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, жарыктандыруу иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: