super.kg logo
  Саясат  

"Саясатты токтотуп, ишке өтөлү". Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине кайрылуу жасады

 

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу толук берилет:

"Урматтуу мекендештерим! Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы шайланды. Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат. Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм. Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан бул токтомдор парламентке кайтарылды.

Урматтуу мекендештерим, өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок. Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы.Ошондуктан парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коёт деп ишенем.

Урматтуу мекендештерим, Кыргыз өлкөсү укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет. Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: