super.kg logo

Баткен облусунда кышка даярдык өз нугунда жүрүүдө

 

Баткен облусунда кышка даярдык өз нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун мекеме-ишканаларына жана калкына 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине жалпысынан 120 миң тонна көмүр керектелет. 2020-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин облустун аймагында 304 миң тонна көмүр казып алынды. Ал эми жыл аягына чейин 400-450 миң тоннага чейин көмүр казып алуу божомолдонууда. Ошондуктан көмүр Баткен облусунда жетиштүү деңгээлде жана көйгөй жаратпайт.

"Билим берүү тармагында керектелүүчү 12,3 миң тонна көмүрдүн 6,2 миң тоннасы ташылып, кампаларга киргизилди. Жыйынтыгында берилген тапшырманын 51пайызы аткарылды.
Саламаттыкты сактоо тармагында жалпысынан 2,1 миң тонна көмүр керектелсе, иш жүзүндө 51 пайыз (1,1 мин тонна) көмүр ташылды. Калкты көмүр менен камсыз кылууда облустун аймагында 72 стационардык көмүр сатуучу жайлар жана унаа менен айылдарды аралап сатуучу 50 мобилдик пункттар калкка кызмат көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө бардык көмүр сатуучу жайларда көмүр 3 миң 500 сомдон, 6,0 -7,0 миң сомдон сатылууда. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын ири көлөмдөгү БК маркасындагы көмүр бардык көмүр саткан жайларда бар, анын наркы 7,0 – 8,0 миң сомго чейин сатылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: