super.kg logo

Митингде Ак Үйдү басып алгандан кийин Гапар Айтиев атындагы музейге таандык сүрөттөр жоголуп кеткен

 

6-октябрдагы митингде Ак Үйдү басып алгандан кийин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине таандык сүрөттөр жоголуп кеткен. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган музейдин сүрөттөрү Ак Үйдө убактылуу сакталып турган.

"2010-жылдан бери 20 эмгек президент жана өкмөттүн иш башкармалыгында убактылуу сактоодо турат. Бардык чыгарылыштар жана кайтаруу иштери музейлерде жайгашкан буюмдарын жана коллекцияларын каттоо жана сактоо нускаманын талаптарына ылайык жүргүзүлдү. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө чыгарылган 20 иштин ичинен 12 сүрөт табылды. Сегиз сүрөт табылган жок", - деп билдиришти аталган министрликтен.

Учурда Гапар Айтиев атындагы музей керектүү документтерди тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берди.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Ак үйдү басып алууга катышкан бардык жарандарды жоголгон сүрөттөрдү кайтарып берүүгө же бул эмгектердин кайда экени тууралуу маалымат берүүгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
14.10.2020. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Митинг пикет болот деп сөз башталганда ушундай баалуу буюумдарды жашырсаңар болотко, башыбыздан 3 революция өттү, үчөөндө тең талап тоноо болбой койбодуго! Анткени бизде адам сымал малдар көп, тилеке каршы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: