super.kg logo

Бишкекте кубалык жаранды сабаганга шектелип 3 киши кармалды

 

Бишкекте белгисиз адамдар Хосе аттуу жаранды сабап кетишти. Окуя кечээ, 13-октябрда саат 22:00 чамасында 10-кичи райондо орун алганы маалым болгон. Бүгүн, 14-октябрда шектүүлөр кармалганын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 13-октябрда Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Улуттук госпиталга денесинен ар кандай жаракат алган жаран келип түшкөнү маалымдалган.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барган, бирок жабырлануучу мас абалында болгондуктан дароо арыз жазылган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү делинип 1988-жылы туулган Т.Р., 1989-жылы туулган К.И. жана 1993-жылы туулган Ж.Ч. кармалды. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: