super.kg logo

2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программасы бекитилди

 

2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программасы бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Тиешелүү токтомго 2020-жылдын 1-октябрында өкмөт башчы тарабынан кол коюлганы маалымдалат.

"Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө"

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында,«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) Программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

2) квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга берип турушсун.

  1. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратына программанын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча отчёт берип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

  1. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: