Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп Элнура Мамбетжунушева дайындалды
Элнура Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.
Элнура Мамбетжунушева 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.
Ал "Түндүк" бажы бекетинин башчысынын орун басары иштеп, 2018-жылы коррупциялык ишке байланыштуу камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-1

