Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп жатышат
Бүгүн, 14-октябрда эски аянттагы өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун 120га жакын тарапташтары чогулду.
Митингчилер Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы аймактарынан келишкенин айтышууда. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Ошондой эле алар Жапаровду премьер-министр кылып дайындоо процедурасын тездетүүнү суранышат.
Эске салсак, кечээ мамлекет башчысы Садыр Жапаровду өкмөттүн башчылыгына дайындоо боюнча парламенттин жарлыгын кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарган.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго байланыштуу маселени парламенттин кийинки сессиясында кароону сунуштады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиргендей, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевге кат жөнөткөн. Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери учурдагы мыйзам бузууларга байланыштуу президенттик аппарат тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.


1 |