Темирлан Султанбековду камактан бошотуу зарылдыгы жөнүндөгү көптөгөн кайрылуулар боюнча өкмөт билдирүү жасады
Темирлан Султанбековду камактан бошотуу зарылдыгы жөнүндөгү көптөгөн кайрылуулар боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүү жасады. Ага ылайык:
Премьер-министр Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.
"Премьер-министр катары сот, прокуратура жана тергөө органдарына таасир этүүгө моралдык жана ыйгарым укуктарым жок экендигин баса белгилегим келет. Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

