Ош. "Ошэлектр" Алай району боюнча 6 көмөк чордон, ишкананын башчысы жашаган бир айылга эле 6 көмөк чордон бөлүптүр
Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков "Ошэлектр" ишканасынын көмөк чордондорду бөлүштүрүү ишине нааразы экенин айтты. Муну обладминистрациянын маалымат кызматы билдирди. "Ошэлектр" ишканасы Алай жана Кара-Кулжа райондоруна 6дан көмөк чордон бөлсө, ишкананын директору өзү жашаган Кашкар-Кыштак айылына эле 6 көмөкчордон бериптир. Кышка даярдык көрүүдө мындай каталар кетпеши керек",- дейт облус башчы. Бул маселени карап чыгуу үчүн орун басары Ахмаджан Махамадовго тапшырма берди облус башчы.
Автор: Аксана Паизова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

