Аида Касымалиеваны коркутушканы боюнча Жапаров комментарий берди. Ал муну үчүнчү күчтөрдүн иши деп эсептейт
Садыр Жапаров анын өкмөт башчы болуп дайындалышына каршы чыккан саясатчыларды ким коркутуп жаткандыгын билбейт. Бул тууралуу ал парламенттин кезексиз отурумунда билдирди.
Депутат Аида Касымалиева Садыр Жапаровдун тарапташтары аны гана эмес, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерин да коркутуп, премьер-министрди дайындоо жөнүндө жарлыкка кол коюуну талап кылып жаткандыгын белгиледи.
"Ким кимди коркутуп жаткандыгын билбейм. Экинчи жана үчүнчү күчтөр иштеп жатышат, мени уюшкан кылмыштуу топ менен байланыштырууга аракет кылышууда. Бирок менин аларга кыпындай да тиешем жок", - деди Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
9

