Салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары катышкан жок. Жоокерлер ант беришти









ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматында жоокерлер ант беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 14-октябрда Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жоокерлер аскердик ант беришти.
Бул күнү 151 жаш жоокер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, мекенди коргоочулардын катарын толукташты. Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, жалпы аскердик курстан өтүштү. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.
Бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган жок, анткени жетекчилик өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алды. Ага карабай салтанат шаңдуу өтүп, жаш жоокерлер командирлеринин, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн алдында ант беришти. Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш-чарасы менен аяктады. Жыйындын соңунда майрамык концерт да тартууланды.
