super.kg logo
  Саясат  

"Сиздер мага жардам бериңиздер". Өкмөт башчы сын-пикир айткан журналисттерге куугунтук болбой тургандыгын айтты

 

Журналисттер үчүн өкмөт башчынын эшиги ар дайым ачык болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчы Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Маалымат жыйында өкмөт башчыга: "Сын айткан журналисттерге куугунтук жасалбайбы?" деген суроо берилди.

"Журналисттерге куугунтук жасалбайт. Тескерисинче, сиздер мага жардам бергиле. Эгер кандайдыр бир коррупциялык элементтер тууралуу маалыматыңыздар болсо, чыгаргыла. Бир дагы иликтөө жазасыз калбайт. Бирок ар бир иликтөө реалдуу фактылар менен бекемделиши керек. Эгер журналисттердин өмүрүнө коркунуч келсе, мамлекеттин эсебинен коргоочу бергенге даярмын", - деди Садыр Жапаров.

Буга чейин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга жалпы 83 депутат катышып, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитишкен.

Ошондой эле 10-октябрда дагы Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитип беришкен. Бирок мыйзамдуулук жагы шек жаратат деген кептер болуп, президент Сооронбай Жээнбеков документти кайра кайтарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: