Меган Маркл социалдык тармактарда көп отурган колдонуучуларды бангилерге салыштырды

Маалыматка ылайык, Меган Маркл "Fortune" журналы уюштурган кийинки муундагы эң күчтүү аялдардын виртуалдык саммитине катышып, сөзүнүн көпчүлүк бөлүгүн социалдык тармактардын коркунучуна арнаган. Ал өз сөзүндө социалдык тармактарга көп убакыт короткон колдонуучуларды бангилер менен салыштырып, онлайн жашоосу күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланган адамдарга абдан кабатыр экендигин баса белгилеген.
Ошондой эле Меган Маркл көптөн бери социалдык тармактарга кирбегендигин моюнуна алган. Анын айтымында, Инстаграмдагы баракчасын жардамчылары башкарган жана ал эч нерсе жарыялаган эмес. Ал эми турмушка чыкканга чейин интернетте көп убакыт өткөргөнүн айткан. 2018-жылы ал Инстаграмда 1,9 миллион окурманга ээ болгон.
"Мен мындан ары өзүмдүн жеке аккаунтум жок деп чечтим, социалдык тармактарда эмне болуп жаткандыгын билбейм, менимче, мындай мамиле жашоодо мага көп жардам берет окшойт. Менин оюмча, көпчүлүк адамдар тармактын бизге тийгизген таасири жөнүндө кабардар эмес", - деп айткан ал өз сөзүндө. Анын сөздөрү интернетте кеңири талкууланып, "Социалдык дилемма" тасмасынын корутундусун кайталаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
Рейтинг:
6

Комментарийлер(4)
Kamalina

15.10.2020. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арга жок Мегаан Марклга кошулат окшойбуз
Jelezo

15.10.2020. 18:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан туура адамдардын убактысы интернетке эле кетип жатат.
Baktyluu_bolgum_kelet

15.10.2020. 18:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ошого өчүрүп салгам инстаграм,тик токту да
Agayu

15.10.2020. 19:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ө Текебаев: Эл менен эмне ойношуп жатат ? Жанарынан .Шаулининен пайда чыкпай өзүм барып элди жайлап келейин деп жатабы .? Эскилерден тажап Кыргызстан кетти го .ЭМНЕ Теке үчүн калдыкбы? Теке жыл жыттанбай саясаттан.Баарын Каша кылган сен и досуң Аша.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.