Чүй облусунда алтын зер буюм жана сыналгы уурдаган деп шектелип, эки жаран кармалды



Чүй облусунда алтын зер буюм жана сыналгы уурдаган деп шектелип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине 8-октябрь күнү 66 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда Кара-Жыгач жаңы конушундагы үйүнө кирген уурулар анын алтын буюмдарын жана сыналгысын уурдап кетишкенин жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам-иликтөө тобу шектүү катары 30 жаштагы М.Ж. жана 24 жаштагы Т.К. аттуу жарандар кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.