Бишкектин борборунда жайгашкан "Азия" ашканасы өрттөнүп кетти
15-октябрга караган түнү Бишкектеги Чүй-Манас кең көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Азия" ашканасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт болжол менен түнкү саат 02:30дар чамасында чыккан.
"Такталган маалымат боюнча, Чүй кең көчөсүнүн №162 дарегинде жайгашкан ашканада өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:44тө 1 бөлүм тартылган. Ал эми өрт саат 03:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматы.
Чүй - Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Азия" ашканасы өрттөнүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aizada2020

15.10.2020. 14:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
студент кезде тамактанып калчу элек, бирок кымбат болчу )
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.